Элдик репортер: Оорукана деген эле аты болбосо, ичине кирүүгө мүмкүн эмес...
Новость KTRK/videograp

Тогуз-Торо районундагы аймактык ооруканасынын Жугуштуу оорулар бөлүмү оор акыбалда турат. Ал жердин учурдагы абалын видеого тартып алган окурман биздин рубрикага кайрылган.

Оорукана деген аты эле болбосо, сарайдан айырмасы жок болуп калыптыр. Ичинде эч кандай шарты жок, дубалы менен шыбы бир четинен урап жатса, бир четинен көгөрүп кирген адамдын үрөйүн учурчудай жагдайда экен. Абакта деле мындай шарт болбосо керек. Азыркы заманда ушундай ооруканалардын айла жоктон иш алып барып жаткандыгы өкүндүрөт.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.