Күндүн темасы: Электр энергиясы үчүн карыздар азая баштады
Новость www

POST1RIGHT

Электр энергиясы үчүн карыздар азая баштады. Карыздарды жоюунун көп бөлүгү жеке абоненттерге таандык. Коомчулукта электр энергиясына товар катары мамиле кылуу жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө активдеше баштады. Ошентсе да электр энергиясы үчүн акы төлөөдө эл арасында суроолор арбын. 

Электр үчүн эсептөөлөр, кайра эсептөөлөр, айыппулдар, кошумча төлөмдөр, туумдар боюнча талкуу ар дайым көңүл борборунда болуп келет. Биринчи Радионун “Күндүн темасы” программасында мына ушул багыттагы суроолорго жооп алдык. 

Уктурууга “Улуттук энергохолдингдин” энергия чыгаруу жана берүү  башкармалыгынын башчысы Байгазиев Таалайбек Аскарович , “Түндүкэлектр” ААКнун электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы Бегалиев Муктарбек Рыскулбекович болду.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"