Бул көйгөйлүү абал Кадамжай шаарындагы Арпа сай аймагынын абалы. Бул аймакка таштандылар көптөгөн санда ташталып айлана чөйрөгө, жан-жаныбарларга катуу залакасын тийгизип жатат. Бул аймакта сел көп жүргөндүктөн, сел болгон учурда таштандылардын баары кайра эле шаардын ичине суу менен кошо агып кирет. Ушундай абал Кадамжай шаарынын көптөгөн жерлеринде болууда. Мисалга: АҢКУР, САРЫТАЛА сайлары өкүнүчтүү абалда, -деп "Элдик репортер" рубрикасына видео сүрөт тартып жөнөткөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.