Азыр саат 23:03 болду. Бирок силер көргөндөй эшикте курулуш иштери дагы деле кызуу жүрүүдө. Тагыраак айтканда, "Элит Хаус" курулуш компаниясы жумушчулары Чуйков/Коенкозов көчөлөрүнүн кесилишинде салып жаткан "Эл Классик" жаңы курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабатына цемент куюп жатышат. Жакшы байкасаңыздар, цементти кран менен эч кандай жарыгы жок эле куюп жатышат. Анан бул үйдүн коопсуз болооруна кандай кепилдик бар?
Курулуш башталгандан бери эле тынчтык беришпейт. Күнүгө 12-1ге чейин иштешет. Милицияга да бир нече жолу кайрылдык, бирок эч кандай майнап чыкпай келүүдө -деп билдирет окурман. Ушундай шашылыш түрдө шалаакылык менен салынган үчүн көп өтпөй эле бери дегенде жаңы курулган үйлөрдөн жарака кетип же болбосо урап түшүп атканын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Мындай шаалакылыктан арылуу үчүн, кооптуулук жаратпаган үйлөрдө жашаш үчүн эл эмне кылышы керек? Тиешелүү органдар качан иштеп башташат?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18
Биздин рубрикага маалымат келип, КТРКнын расмий сайтына жайгаштырылгандан кийин, аталган курулуш компаниянын атынан түшүндүрмө жооп каты келди. (Өзгөрүүсүз тиркелет)
Компания Elite House сообщает, что на строительном объекте «Эл Классик» общестроительные работы ведутся до 20.00, что не противоречит действующим типовым правилам, утвержденным мэрией г. Бишкек. 21 июля 2018 года по техническим причинам действительно велась заливка бетона до более позднего времени, в связи с чем компания приносит извинения соседям за доставленные неудобства. Возведение строительных объектов Elite House ведется согласно всем строительным нормам и требованиям КР и под техническим надзором международных экспертов. В темное время суток в обязательном порядке используются переносные прожекторы для обеспечения локального освещения при заливке отдельно стоящих конструкций.