Биз Бишкек шаарынын Чүй/Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдө жашайбыз. Биздин сиздерге кайрылгандыгыбыздын себеби мурун биздин үйдүн жанында, 80-үйдүн жанында кичинекей бакча бар болчу. Бакчанын ичинде оргума (фонтан), жашыл чөп, гүлдөр өсүп жакын жашаган адамдар үй-бүлөбүз менен сейилдеп чыгып турчуубуз. Тилекке каршы, ал бактын баарын кыйылып, талкаланып мурдагы кооздуктан эч нерсе калган жок. 2 имарат курушту. Эми үчүнчүсүн куруп атышат. Орун жоктугунан авто унаалар кире алышпайт. А эгер керек болуп калса тез жардам унаасы же өрт өчүрүүчү унаа кантип кирет билбейбиз. Анткени жол жок. Биз абдан ыңгайсыз абалда болуп атабыз. Шаар мэриясы эмнеге ушундай башаламандыктарды, мыйзам бузууларды карабайт? - деп шаар тургундары өз муңдарын "Элдик репортер" рубрикасына жиберишкен.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.