Элдик репортер: Кызыл-Туу айылында бала бакчанын жоктугу көйгөй жаратууда
Новость

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын жашоочусу, баатыр эне Алиева Алима деген окурманыбыздан "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү келген. 

Кызыл-Туу айылындагы бала бакча айылдын так ортосунан орун алган. Бирок 1992-жылдан бери иштебей турат. Айылдын тургундары балдарын коңшу айылдын, райондун, шаардын бакчаларына такси менен алып барышат. Ошондуктан ушул эле бакчанын ордуна жаңы бала бакча курууга жардам берсе өкмөт, айыл тургундары карап турбастан, өз үлүштөрүн кошушмак,- дейт билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.