POST1RIGHT
Күзүндө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ЮНЕСКО колдоо көрсөтөт. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков менен ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева жолугушкан учурунда сөз болду.
2014-жылы тарыхта биринчи ирет Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл жергесинде өткөрүлүп, ага он жети өлкөдөн спорттук жана дипломатиялык өкүлдөр катышкан. Иш-чаранын расмий ачылышында көчмөндөрдүн маданиятына байланыштуу маданий, музыкалык жана театрлаштырылган иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле Биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында спорттун бир нече этникалык түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага 250 мамлекеттен келген 400 дөй спортчу катышкан.