Жалал-Абад шаарындагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишине болгон шалаакылыгы тургундарды кыжырдантууда.
Бөлүмдүн кызматкерлери жумуш саат 9да башталганына карабай кечигип келишсе, биз кезекке турууга таңкы 6да барып баштайбыз. Ысыктын күнүндө кезек күтө берип чарчадык.
Бир күндүк жумушун калтырып, кечке ушул жерде кезек күткөндөрдү эске алып тейлөө иштерин жакшыртууну бир колго алып коюшса жакшы болот, деп кайрылат окурман.