Элдик репортер: Балыкчыдагы бала бакчанын жанындагы таштанды төгүүчү жай
Новость www

Бул Балыкчы шаарынын МЖК району. Жай. Кичинекей балдар ойноочу жайда балдар ойноп жатышат. Ал эми балдар ойноочу жайдан 3 метрге жетпеген алыстыкта таштанды төгүүчү жай жайгашкан. Кичинекей балдар билбейт да, кээ бирөөсү жанында жаткан желим бөтөлкөлөр менен, баштыктар менен ойношууда. Бала бакча дагы бар сол жакта. А таштандылардан чыккан жыт жүрөктү айлантат. Шамал болсо нары-бери учат таштандылар. Эмнеге мэрия, санэпидемстанция карашпайт? - деп Балыкчы районунан окурмандан маалымдама келген.

Видеодо көргөндөй бала бакча эле эмес таштанды төгүүчү жайдын жанында 5 кабаттуу үй деле турат. Бирок эмнеге эч ким алдырбайт, алдырмак тургай таштанды төгүшөт? 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.