Элдик репортер: Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна жамгыр учурунда асфальт төшөлүүдө
Новость KTRK/videograp

Төө-Ашуудагы тоннелге кирип бара жатсак, жол ондоо иштери жүрүп жаткан экен. Жамгырдын жаап жатканына карабай тешилген жерлерге асфальт төшөп жатышты. Ал тешилген жерлер көлчүккө айланып, ичи сууга толуп калыптыр. Бирок ошого карабастан жолчулар ишин улантып жатышты. Тешиктин ичиндеги суунун үстүнө эле асфальт төшөлүп жатканын көрүп кайдыгер карай албай Сиздерге кайрылууну туура көрдүк,- дейт бизге маалымат жөнөткөн окурман. 

Ушундай эптеп-септеп бүткөрүлгөн жолдун айынан, оор жүк ташыган унаалар күнөлү деп табылат. Ал эми сапат жагына көңүл бурган адис жок.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.