Элдик репортер: Желим бөтөлкөлөрдү алып-сатып иш кылгандар коңшулардын тынчын алышууда
Новость

Акыркы убакта "Элдик репортер" рубрикасына санэпидемстанцияга байланышкан маалымдамалар басымдуулук кыла башташты. Бул ирээт дагы шаар тургуну желим бөтөлкөлөрдү алып-сатып соода кылган үйдөгү абалды видоего тартып жиберишкен.

Бул Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндө жайгашкан 33-үй. Үй авариялык абалда, араң эле турат. Ошону да үй ээси ижарага берип койгон, ал эми ижарачылар селсаяктарга берип коюштубу билбейбиз. Көп болду желим бөтөлкөлөрдү алып-сатып иш кылып атышат. Ушул себептен райондогу башка райондон дагы алы келгени көтөрүп, келбегени сүйрөп мүшөктөп-мүшөктөп желимин да, желим эмесин да ташый башташты селсаяктар, аракечтер. Үйдөн чыккан жыттан улам үйдүн жанынан өтүүгө мүмкүн эмес. Кээде ызы-чуу  чыгарышат. Коркобуз дагы. Милицияга канча арыз жазып кайрылдык, карашпайт, - деп жазылган билдирүүдө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.