Элдик репортер: Оңдолуп жаткан жолдун качан бүтөөрү белгисиз?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ат-Башы районунун тургуну төмөндөгүдөй билдирүү жиберген.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирилик айылы. 2017-жылдын жаз айларында айылдын борбордук көчөсүн асфальтоо башталып, жарымы ушул жылга калган. Минтип жолдун ортосунда аз сандагы смала кошулган бойдон турат. Смала күндүн жылуулугу менен ээрип шагыл менен аралашат экен. Ат-Башынын климатында смаланын ээриши кыйын. Смала да жокко эсе. Жолдун ушундай ыкма менен СССРдин убагында салышчу экен. Качан ишке кирет деп жолдун милдетин алган No-20 ДЭУга кайрылсак, күн жылып, смала ээрисе,- деген жооп алдык. Ат-Башыда күн жылыбайт. Жол качан бүтөөрү белгисиз. Ортого үйүлгөн шагыл транспорттун жүрүшө жолтоо болуп жатат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.