Ахунбаев жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жакында эле жолдун жээгин (бордюр) мурунку цементти желимге (пластикке) алмаштырылган. Болжол менен 2 ай мурун алмашылган. Кеч киргенде абдан кооз болуп күйөөрү чын бирок сыртынан коргоочу кабыгын сыйрыбагандыктан алар чаңды чогултуп, айрылып көркүн бузуп жатат. Кээ бири бузулуп күйбөй да калышты. Эмнеге орнотулганда эле аягына чыгарып, кабыктарын сыйрып коюшпайт? Же күйбөй калгандарын оңдөп коюшпайт - деген билдирүү келген "Элдик репортер" рубрикасына. Миллиондогон акча каражаты бөлүнүп бирок сапатсыз оңдолгон жолдорго шаар тургундары көзөмөл жүргүзгөн тиешелүү адистерден жооп күтөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.