Новость

Коомдук  телерадиоберүү корпорациясынын расмий сайты менен  «Ала-Тоо 24» каналы биргеликте  коомчуулуккажигердүү көмөк көрсөтүп келген “Элдик репортер”рубрикасы эфирден көрсөтүлүп жатканына 3 ай болду. Азыркы учурда рубрика коомчулуктун арасында белгилүү болгонго жетишти.

Рубриканын биринчи чыгарылышы “Ала-Тоо 24” каналынан 6 апрелде чыккан, ошол күндөн бери коомчулуктан келген билдирүүлөр күч алууда. Коомчулуктан ар күнү редакцияга миңден ашык аудио, фото жана видеоматериалда келип түшүдө. Алардын ичинен эң эле кызык делип тандалып алынган тасмалардын түрмөгү корпорациясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Үч айдын ичинде “Элдик репортер” рубрикасы абдан коомчулук арасында белгилүү болууда. Коомчулуктан келген билдирүүлөрдүн ичинен: ичүүчү суу, таштанды, мыйзамсыз курулуш, жол сапаты боюнча көйгөйлөрчагылдырылган фото жана видеоматериалдар басымдуулук кылууда.

Корпорациянын расмий сайты даярдаган, эң эле кызык делип тандалып алыган тасмалардын түрмөгү менен таанышып алыңыздар.

"Элдик репортер" рубрикасына оңдоого муктаж болгон жолдор жөнүндө видео материалдардын саны арбын келүүдө.

Окурманыбыз Аккыя-Ооруктан жолун видеого тартып жиберген. Видеодо көргөндөй жолдун абалы жанды кейитээрлик. 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларындагы жолдун абалы өтө аянычтуу, бул жакка кирип бара жатканда жана чыгып бара жатканда ар бир унаадан 45 сом өлчөмүндөгү акча алышат экен. Эми ушул чогулган  акчанын бир эле айын эсептегенде 29млн сом түшөт экен. Ал акчалар каякка кетип жатат?