Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда теракт даярдап жаткан топту кармады. Мекемеден маалымдагандай, жашыруун террористтик топтун мүчөлөрү жарандарды азгыруу иштери менен алек болуп, согуш аймактарына жарандарды жөнөтүү каналын уюштурган жана өлкө аймагында террористтик акция өткөрүүгө камданып жаткан.
Азыркы тапта террористтик топтун бардык мүчөлөрү камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-аракеттери жүрүгүзүлүп жатат.