Өлкөдө таза суунун зарын тарткандар четтен саналат. Биздин рубрикага бул көйгөй тууралуу маалымат көп келгендиктен, байма бай чыгарууга туура келип жатат. Таза сууга зар болгон айылдардын катарында Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылынын тургундары дагы бар.
Таза суунун жоктугунан ылайланган сууну ичүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анын айынан балдарыбыз сарык оорусуна чалдыгып жатышат, деп кайрылган айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.