Элдик репортер: Пансионаттан чыккан саркынды суулар көлгө куюлуп жатат
Новость KTRK/videograp

"Элдик репортер" рубрикасына келген окурмандын маалыматында көлгө куюлуп жаткан саркынды суулар "Аврора" санаториясынан агып жатат деп айтылат.  Мындай маалыматты биздин рубрикага көл жээгинде эс алып жүргөндөр видеого тартып жөнөтүшкөн. 

Кайсыл пансионат экендиги видеодо көрүнбөгөнү менен,  бирок саркынды суунун топтолуп, акырындап жылжып агып олтуруп көлгө куюулуп жатканын байкоого болот. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.