Элдик репортер: Эгин талаабызга суу жетпей жатат
Новость KTRK/videograp

Таза суу тартыштыгы менен бирге эле суугат суунун жетишсиздигинен дагы кыйналган тургундар көп. Айыл тургундарынын жаз алды менен эмгектенген мээнети текке кетип, күндүн ысыгында эгиндер куурап калууда. 

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында дагы суугат суунун тартыштыгынан эгин талаалары сары түскө айланууда. Маал маалы менен берилген суу да азыраак болуп, катуу ысыкта жерге сиңип кайнап кетүүдө,- дейт айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.