Элдик репортер: Каттоо бөлүмүндөгү кезек күтүү көкөйгө тийди
Новость KTRK/videograp

Кезек күтүү маселеси жөнгө салынбай, электрондук системага көп жерде өтө элек болгондугуна байланыштуу, бул нерсе дагы тургундарды бир топ түйшүккө салып келет. Каттоо бөлүмүндөгү адистердин тейлөө иштерине нааразы болгондор дагы көп. 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө алыскы айылдардан бери келип, кезекке турушат. Айрымдарына кезек жетпей кайра кечке күтүп олтуруп, үйүнө кайтууга туура келет. Кезекке тургандардын көптүгүнө карабай, баарыбызды бир гана адис  тейлеп жатат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.