Баткен облусуна караштуу Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби учурда авариялык абалда турат. Ашар жолу менен курулган мектепте 220 окуучу билим алат. ӨКМнын адистери тарабынан мектептин авариялык абалда экендиги айтылган.
Бирок мындай жагдайга көңүл бурган эч ким жок. Кайсыл күнү кулап кетет деп, балдарыбыздын коопсуздугуна көп тынчызданабыз-, деп кайрылуу жөнөтүшкөн айыл тургундары.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.