Элдик репортер: Оңдолгондугуна жыл толбой жатып, урап баштаган жол жээктери
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Жал кичирайонунун тургунунан сапаты начар жазалган жол жээги (бордюр) тартылган сүрөт, видео материалдар келген. Эсиңиздерде болсо өткөн жумада эле Ахунбаев жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги ушундай эле жагдай жөнүндөгү маалымдама чыгарганбыз (http://www.ktrk.kg/post/23092/kg). 

Жал кичирайонундагы мечиттин жанындагы жол. Курулуш иштеринин бүткөнүнө 9 ай боло элек - деп жазган окурман. Чындыгында, сүрөттө көргөндөй жол жээктери(бордюр) урап, арык ажырап баштаган. Дагы деле жооп ала албаган суроо, эмнеге мэриянын тиешелүү адистери мындай иштерге көңүл бурушпайт?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.