Бул силер көрүп жаткан таштандылар Көпүрө-Базар айылында суунун жээгинде чогулган таштанды. Бул жакка жарабаган эмне болсо ошонун баарын ыргытышат. Сынган буюм-тайымдан өйдө малдын өлүгүн да ыргытышат. Суунун жанында болгондуктан шамал болсо учуп, сууга агат. Чоң талаа бүт таштанды. Азыр жайкы аптапта сасып, жанынан өтүүгө мүмкүн эмес. Айыл өкмөтүнө канча кайрылсак да карабайт - деп билдирет айыл тургуну.
Аргасыздан суроо жаралат экен, айыл өкмөтү ушул маселени карабаса анда эмнени карайт?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.