Элдик репортер: Туристтер менен эс алуучуларды кыйнаган Туздуу-Көлдүн жолу
Новость KTRK/videograp

Туздуу-Көлдүн жолуна нааразылыгын билдирген кайрылуу келген. Күнүгө жүздөгөн эс алуучулар, туристтер каттаган жолду оңдоп, көпүрө салып коюш, ошол жерди ижарага алып иштетекендердин оюна эмес түшүнө да кирчүүдөй эмес. Жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнө канча жолу кайрылдык. Бирок анын дагы алы жетпей койду. Бул жерге канчалаган акча каражатынын түшкөнүнө карабастан, тиешелүү шарт каралбай келет, деп нааразылыгын билдиришкен жергиликтүү тургундар.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.