Элдик репортер: Талас шаардык сейил багы каралбай калды
Новость KTRK/videograp

Талас шаардык сейил багынын учурдагы абалын кире беришинде эле жайылып жаткан таштандыдан байкаса болот. Анысы аз келгенсип ичи толуп, айланага жагымсыз жыт тараткан дараатканасы турат. Шаардагы жалгыз сейил бакка дагы ушундай көңүл коштук мамиле болобу? Ичи сугарылбай, чөптөрү куурай баштаган. Көп суммадагы акча каражатынын башын жеген дарааткана жөн эле көргөзмө үчүн коюлгандай. Иштебейт. Сапатсыз курулуп бүткөндүктөн дубалы урап түшө баштады. 

Мындай маалыматты бизге шаар тургуну аймактык бийлик өкүлдөрүнө нааразылыгын билдирүү менен жөнөткөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.