"Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көлтөр айыл өкмөтүнүн тургундары маалымдама жиберишкен.
Бул Көлтөр айыл өкмөтүнүн Ак-Суу сайы. Ысык-көлгө куят. Өзүңүздөр көрүп аткандай эч тосулбагандыктан жайылып агат. Эми күн ысыганда дагы көбөйүп жээктеги эгин талааларын каптайт. Мурун да ушундай болгон бирок губернаторго кайрылып МЧС чаап берди эле. Бирок быйыл губернатор да карабай атат. Айыл өкмөтүнөн эч пайда жок. Жээкте буудай, картөшкө өскөн 50 гектар жер. Мурун өзүбүз буруп же тосуп алчуу элек, азыр алыбыз келбей калды атайын унааларсыз - деп билдирет окурман.
Эптеп өз арабайын өзү согуп аткан элге өкмөт кичине да болсо жардаш бериши керек да. Акыркы күндөрдө Элдик репортер рубрикасына айыл өкмөттөрдүн, мэриянын начар иши, шалаакылыгы тууралуу келген маалымдамалар жан кейитет. Элге кереги тийбеген бийликтин эмне кереги бар?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.