Өлкөбүздөгү эң олуттуу маселелердин бири жол маселеси экени талашсыз. Бүгүн дагы "Элдик репортер" рубрикасына элди түйшүккө салган жол мсаелеси боюнча маалымдаманы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургуну жиберген.
Өткөн жылы Э.Матыев атындагы борбордук көчөнү ортоңку бөлүгүнөн Беш-Терек көчөсүнүн башына чейин оңдошкон. Айыл өкмөтү жолдун толук оңдобогондугун проектке кирбей калгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Эл ага да макул болгон, башкысы жолдун так ортосундагы чоң аңды бүтөшсө болду деп. Бирок жыл өтпөй өзүңүздөр көргөндөй, жолдо чаң көтөрүлүп, баягы эле абалга келип калды. Аңды биз күткөндөй цемент менен эмес кадимки эле топо менен төшөп коюшуптур. Ал жаан жааганда баткакка айланат да, ал эми күн ысыкта ушундай асманга көтөрүлөт, айдоочуларга да, жолдун четинде да жашаган элге ыңгайсыздык жаратууда.
Оңдоо иштерин жүргүзүп атышканда "лежачий полицейскийди" алышып кайра ордуна коюшкан жок. Борбордук көчө болгондуктан жеңил унаалар да, жүк ташуучу унаалар да көп өтөт. Балдар эле эмес чөн кишилерге да кооптуу - деп билдирген окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.