Чет элдик инвесторлор тарабынан мектеп мындан 7 жыл мурун бүткөн. Бирок ушул убакка чейин "Мамлекеттик актысы" жок. Кайрылбаган, барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калган жок. Президентибизге жана депутаттарга кайрылат элек, ушул маселени эртерээк чечип берсе деп. Себеби "Мамлекеттик актысы" болсо биз айыл тургундары, ашар жолу жана спонсорлордун жардамы менен мектеп үчүн, айыл тургундары үчүн спортзал куруп алат элек. Бирок ушул документтин айынан пландап жаткан иштерибиз токтоп турат.
Мындай кайрылууну Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылынын тургундары жөнөтүшкөн. Айылга мындан 7 жыл мурун инвесторлордун жардамы менен тургузулган Кара-Кечит орто мектебине мамлекеттик акт берилбей жаткандыгына байланыштуу спортзал салганга уруксат берилбей келет. Ал эми мектептин орду мурун эгин талаасы болгон.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.