Элдик репортер: Көлгө куюлуп жаткан саркынды суу "Аврорага" тийиштүү эмес
Новость www

Кечээ, 30-июлда КТРКнын "Элдик репортер" рубрикасына  окурмандын атынан саркынды суулардын көлгө куюлуп жаткандыгын тастыктаган видео келип түшкөн. Кайсыл пансионат экендиги видеодо көрүнбөгөнү менен алардын тартып алган видеосунда, саркынды суу "Аврора" санаториясынан чыгып жатат деп айтылат. POST1RIGHT

Биздин расмий сайтка жайгаштырылган видеону Фейсбуктан  жеке баракчаларына жайгаштыргандан кийин, аталган санаторияга интернет колдонуучулардын атынан бир топ сын-пикирлер айтылган. 



Бүгүн, Элдик репортер рубрикабызга жана электрондук дарегибизге "Ысык-Көл Аврора" санаториясынын администрациясынын атынан бул маалыматты жокко чыгарган жооп кат келди. Аталган мекеменин тийиштүү кызматкерлери окурман тартып жөнөткөн жерге барып, текшерүү иштерин жүргүзүп, саркынды суулардын, башка жеке пансионаттарга тийиштүү экендигин тастыктаган видеосун кошо тартып жөнөтүшкөн.


"Ысык-Көл Аврора" санаториясынын атынан жокко чыгарылган жооп каты өзгөрүүсүз берилет.

Кечээ, 30-июль күнү, "Фейсбук" социалдык тармагына, "Ысык-Көл Аврора" санаториясынын территориясында саркынды суулар Ысык-Көлгө куюп жатат деген  видео таркаган. Бул видео тууралуу "Ысык-Көл Аврора Санаториясы" мамлекеттик ишканасынын администрациясы төмөндөгүдөй билдирүү жөнөтөт.

Видеодо орун алган жайлар "Ысык-Көл Аврора" санаториясынын аймагында жайгашканын  аныктоо максатында, чукул жумушчу тобу түзүлүп, тактоо иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында видеодо көрсөтүлгөн жайлар "Ысык-Көл Аврора" санаториясына тиешеси жок экендиги аныкталды. Тактап айтканда, арык жана арыкты бойлой жайгашкан дубал аркылуу бул аймак мурдагы "Политех", азыркы убакта жеке секторлорго өткөн пансионатына караштуу экени белгилүү болду.   Ал эми дубалдын ар жагында жайгашкан чоң имарат - "Каравелла" пансионатына тиешелүү. "Ысык-Көл Аврора" санаториясынын аймагы "Каравелла" пансионатынын ары жагынан гана баштап жайгашкандыгын жана  видеодо көрсөтүлгөн арык менен чектеш болбогондугун белгилейбиз. Ошондой эле бул арык - атайын, жаан-чачын көп жааган мезгилде суунун агып кетүү максатында салынган арык экендиги аныкталды.

Ошону менен, "Ысык-Көл Аврора Санаториясы" мамлекеттик ишканасы, Санаторийдин имиджине  жалаа жабуу максатында такталбаган маалымат таркатууга каршы Укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу экендигин белгилемекчибиз.

 

 Терең урматтоо менен, 

"Ысык-Көл Аврора Санаториясы" мамлекеттик

 ишканасынын  администрациясы

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.