"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургундары кооптуулук жараткан дарак жөнүндө видео материал жиберишкен. Видеодо көргөндөй дарактын бутагы сынып бирок толугу менен түшүп калбай, кооптуулук жаратып ийилип турганын көрүүгө болот. Шаардын борборунда ушундай жагдай болсо, шаар сыртында эмне болуп жатты экен?
Бишкек шаарынын муниципиалдык менчигине кирген бак-дарактарды кыюу, отургузуу жана сугаруу жөнүндө токтомунун негизинде бул дарактын шагын кыйып коюсу шарт болчу. Бирок өзүңүздөр көргөндөй ийилип турат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.