Элдик репортер: Кулап калуу коркунучунда турган электр түркүгү
Новость

Баш-Булак айылындагы, Ош-Алай трассасынан 17 километр аралыкта жайгашкан, М-41 көчөсүндөгү электр түркүк эки үйдүн короосуна туташ. Бул электр түркүгүнүн баш жагы күйүп кеткен. Катураак шамал болуп кулап түшсө, адамдарга зыян келтириши мүмкүн. Муну Кара-Суу районунун рейси карашы керек,- деп "Элдик репортер" рубрикасына Акимов Алым деген окурманыбыз билдирүү жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.