POST1RIGHT
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачуу аземиндеги театралдык оюн-зоокторго бир жарым миңдей адам катышат. Мындан сырткары Кырчын жайлоосунда да көрүүчүлөргө салтанат тартууланат.
Чолпон-Атадагы ат майданын музыканттар, цирк өнөрпоздору, бийчилер, айтор маданияттын бардык багыттарынын ишмерлери шаңга бөлөйт. Театралдаштырылган оюн-зоок 1 жарым саатка созулат деп болжолдонууда. Анда “Манас” эпосундагы айрым окуялар жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов калтырган баалуулуктар да чагылдырылат.
“Көчмөндөрдүн алтын кылымы” аталышындагы оюн-зоокко 1200дөй артисттер, каскадерлор катышат. Анда 9-кылымда өкүм сүргөн Улуу Кыргыз дөөлөтү чагылдырылат.