Орусияда өз мекендештерин тоноп келген кыргызстандыктар кармалды. 23, 27 жаштагы эки жаран Москвада 3 ирет каракчылык кылышып, жалпысынан 140 миң рублдик буюм-тайымдарды, акчаларды тоношкон. Алардын жашаган жеринен далил каражаттартабылып, күнөөсүн мойнуна алышты. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.