Элдик репортер: 2,5 гектарды ээлеген Александровка айылындагы таштандылар
Новость

Элдик репортер рубрикасына Москва районунун Александровка айылынын тургундарынан таштанды жөнүндө маалымдама келген. Маалымдамада темир жолдун үстүндөгү таштанды чогулган жай жөнүндө айтылган. 

Бул таштанды чогулган жердин жанында сугатка колдонулуучу суу агат. Албетте таштанды шамал менен учуп, сууну булгады. 2,5 гектардай болуп калды бул таштандылар ээлеген жер. Анын ичинде малдын өлүгү, чириген жашылча-жемиштер мүшөктөп ыргытылган. Өкмөт башчыга, санэпидемстанция, госинспекция баарына кайрылдык, эч майнап чыккан жок - деп билдирет жаны ачыган окурман. Анысы деле түшүнүктүү да, ушул ысыкта кандай жыт чыгып атканын сүрөттөрдү көрүп эле айтса болот. 

Если вы стали свидетелем какого-либо происшествия или интересного события, то присылайте новость нам на WhatsApp, Telegram или Viber 0 551 74 81 18.