Элдик репортер: Жаңыдан асфальт төшөлүп жаткан жол, талапка жооп бербей калды
Новость KTRK/videograp

Миллиондогон акча каражатынын башын жеген жол оңдоо иштериндеги кемчиликтер четинен оркоюп чыга баштады. Айрыкча, жыл айланбай жолдорубуз жарактан чыга баштады деп борбор калаанын тургундары көп нааразы болууда. Тендер жолу менен тандалып, тийиштүү каражат бөлүнгөн жолдордун сапаты эмнеге начар, деп суроо бергендер четтен саналат.

"Элдик репортер" рубрикасына бул жолу ушул маселе менен Сүлүктү шаарына караштуу Бөкөнбаев айылынын тургуну кайрылган:

Биздин айылдын негизги жолуна кытайлык компания тарабынан жаңыдан оңдоо иштери башталган. Бирок асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатканда, кабыл алган тараптын чечиминин негизинде талапка жооп бербей калды. Эми кайра ошол жерлер казылууда. Биз буга чейин дагы кытайлардын жолдору сапатсыз курулуп жатканынан кулакдар болгонбуз. Биздин кайрылуубузду өкмөт тараптан эске алып, мамлекеттин казынасынан курулуп жаткан жолдордун сапатын дыкаат текшерүүгө алат деген үмүтүбүз бар.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.