Элдик репортер: "Курттап" кеткен момпосуйлар
Новость KTRK/videograp

"Ош" базарынын дүң соода кылган жеринен алган момпосуйлардын баары курттап кетиптир. Анысы аз келгенсип, ичи көгөрүп, желе баса баштаптыр.  Бизге жаңысын көргөзүп, ал эми таразага тартып бергенде эскисине алмаштыра койгондой,- дейт курттап кеткен момпосуйларды видеого тартып жөнөткөн окурман.

Ушундай сатуучулардын айынан базардын атына жана башка сатуучуларга сөз тийип жатат. Ал эми, сиздерге да ушундай жагдайлардан алыс болуш үчүн, көпкө сакталбаган нерселерди сатып алып жатканда, товардын сактоо мөөнөтүнө терең маани берип, текшерип алыңыздар. Анткени бизге маалымат жөнөткөн окурман, момпосуйларды алып жатканда, сатуучунун сөзүнө ишенип, сактоо мөөнөтүнө да көңүл бурган эмес экен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.