"Элдик репортер": жаңы сырдалган отургучтарга гезит чаптабагыла!
Новость

Учурда Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия көчөсүндөгү отургучтар сырдалып, сыныктары оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле мэриянын өкүлдөрү, жаңы сырдалган отургучтарга газета коюп отурбоону өтүнүштү. Анткени айрым адамдар сырдалган отургучтарга газета чаптап булгап кеткен учурлар катталган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.