Элдик репортер: Таза суунун зарын тарткан айыл тургундары
Новость

Айыл жергесиндеги тургундардын айласын кетирген көйгөй бул таза суу маселеси. Бизге келип түшкөн маалыматтарга таянсак, бул таза суунун зарын тарткандар өлкөбүздүн ар бир экинчи айылында кезигет экен.

Бул жолу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы жагдай тууралуу кайрылышкан.

Бир айыл ушул ылайланган сууну ичүүгө мажбурбуз. Башка аргабыз жок. Бул суу түтүгүнө элден каражат чогултулуп коюлган. Бирок ошондо да маселебиз чечилген жок. Калктын ден-соолугуна кайдыгер караган бийлик өкүлдөрүнө нааразыбыз. Же айыл өкмөтү аракет кылайын дебейт.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsAppаркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.