Чолпон-Ата шаарындагы негизги жол Совет көчөсүндө жайгашкан Ысык-Көл райондук борборлоштурган китепканалар тармагы авариялык абалда турат. Китепкананын имараты 1926-курулган. Ал эми китепкана катары 1976-жылдан тартып иш алып келген. Аталган жай 15 жылдан бери авариялык абалда турат,- деп кайрылат аталган китепкананын кызматкери.
2018-жылдын 23-июль күнү түндө китепкананын бир бөлмөсүнүн шыбы урап түшүп калган. Китепкананын авариялык абалда турганы боюнча тиешелүү жерлердин баарына кайрылып чыктык. Бирок эч кандай жыйынтык ала алган жокпуз. Учурда окуу залдарынын дагы шыбы ийилип араң турат. Мындай жерге окурмандарды да тартуу кооптуу. Учурда китепкананын фондунда 31000 китеп бар. Биз мындай баалуулукту сактап калууга аракет кылып, тез арада башка жака көчүрүп кетүүбүз керек.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.