Соңку кездери тийиштүү документтерди албай туруп мыйзамсыз курулуш кургандар көбөйдү. Мындай курулуштар көбүнчө фирмаларга эмес, жеке кишилерге таандык болууда. Өзгөн районунун тургуну "Элдик репортер" рубрикасына дал ушудай маселе менен кайрылган.
Анын айтымында, Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында сүрөттө көрүп тургандай бул жерге мыйзамсыз курулуштарды салып алышкан, адамдар көп каттагандыктан ыйгайсыздык жаратып жатат. Ушул мыйзамсыз башаламан соода-сатыктарды жөнгө сала тургандар барбы?-дейт билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsAppаркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.