Элдик репортер: Баткен шаарынын негизги көчөсү казылган бойдон калып, жолду суу басып калды
Новость KTRK/videograp

Баткен шаарынын  Курбаналы Сабыров атындагы негизги көчөсүндөгү асфальттоо иштери казылган бойдон токтоп калган. Орто жолдо калган оңдоо иштеринен  жергиликтүү тургундар жабыркап жатышат. Мындай кайрылууну шаар тургундары жөнөтүшкөн.

Мындан 1 ай мурун асфальттоо иштерине байланыштуу, шаардын негизги көчөсүндөгү арыктар тосулган. Арыктарга толгон суулар ашып, Баткендин базарын, башка имараттарды  каптап жатат. Мындан тышкары жолдун өзүн суу каптап, автоунаалардын каттоосуна тоскоолдук жаратууда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.