Жайдын ысык аптабында жыттанып, айланага жагымсыз жыт таркаткан таштандылардан арылууну жергиликтүү эл өзүлөрү колго алышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан күндүн ысык болуп жаткандыгына карабастан, санитардык жактан тазалоо иштерин колго алып, тазалык иштерин жүргүзүштү.
Кызматкерлер тарабынан Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолундагы таштандылар алынган. Бул тууралуу биздин рубрикага жергиликтүү тургундар маалымдашты.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.