Сокулук районунун Комсомол айылынын кире беришине жакын чогулган таштанды күндөн-күнгө көбөйүп, айыл тургундарын тынчыздандырууда. Анысы аз келгенсип, "Манас" аэропортунун жолунун жээгинде жайгашкан.
Малдын өлүктөрү айланага жагымсыз жыт таркатууда. Мындай жыт адамдардын ден соолугуна да зыянын тийгизсе керек, деп кайрылган окурман, тиешелүү мекемелерди ушул маселени чечип берүүнү өтүнөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.