Акыркы убакта, дүйнөлүк масштабдагы чоң көйгөйгө айланып, адам ден соолугуна зыян тийгизип жаткан нерсе бул абанын булганып, бопбоз туманга капталып жатканы. Бул нерседен биз дагы алыс качып кете албайбыз. Анткени акыркы жылдарда, өзгөчө борбор калаабыз Бишкек шаары боз тумандын алдында калды. Ушул маселенин тегерегинде бизге кайрылган окурман төмөндөгүчө жагдайды баяндаган:
Сокулук районун Фрунзе айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кесме чыгаруучу "Рола" ишканасы кышы-жайы айылыбызды кара түтүнгө ороп жатат. Биздин тиешелүү мекемелерге бир нече жолу кайрылганыбыздан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзө берсин, биздин ага эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок ушул кара түтүндөн арылуунун жолун караштырышса жакшы болот эле.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.