Элдик репортер: Ош шаарынын кире беришине тойкананын калдыктары төгүлүп жатат
Новость KTRK/videograp

Ош шаарынын кире беришинде орнотулган арканын жанында, так адамдар баса турган тротуарда таштанды  жатат. Мындай болуп үйүлүп жатканына көп күн болсо дагы, көңүл бурган адам жок. 

Анысы аз келгенсип, ушул жерге жакын жайгашкан тойкананын тамак-аштарынын калдыктары дагы төгүлүүдө, деп бизге кайрылуу жөнөткөн шаар тургуну. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.