Элдик репортер: Тоннелдеги казылган жолдор качан оңдолот?
Новость KTRK/videograp

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы тоннелинин ички жолдорунун ар кайсыл жерлери казылып жатканына 1 жумадан ашты. Бирок оңдоо иштери улантылган жок. Күнүнө каттаган айдоочулардан деле салык катары акча алышат, жок дегенде ушул тешиктерди убагында жамап коюшса жакшы болот эле, деп нааразы болгон окурман бизге кайрылган.

Биздин рубрикага буга чейин дагы аталган тоннелдин жолунун абалы жана ичиндеги жарыктары күйбөй калгандыгы тууралуу кайрылуулар көп түшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.