Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Байтик айылында Кубатбек Сүйүмбаев көчөсүндө орнотулган айрым электр түркүктөрү кооптуулук жаратууда. Айыл тургундарынын айтуусунда совет убагында орнотулган түркүктөргө 60-70 жыл болгон.
Бул жерден күнүнө канчалаган адам өтөт. Балдарыбыз ойноп жүрүшөт. Эскилиги жеткен түркүктөр бир күнү кулап кетсе, жоопкерчилигин ким алат? Ошондуктан тиешелүү мекемелер тез арада текшерип, алмаштыруу жагын караштырып беришсе жакшы болот эле.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.