Элдик репортер: Суу туура бөлүнбөй, быйыл чөпсүз калдык
Новость KTRK/videograp

Быйыл жайдын саратанында сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды бир топ убайымга салды. Сугат суунун айынан 150 гектар жерибизге чөп чыкпай калды деп, кайрылган Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары.

Суу мурабынын сугат сууну туура бөлүштүрбөй, сууну менчигиндей колдонгону үчүн 150 гектар аянтка чөп өспөй, куурап калды. Чөп маселеси кантип чечебиз деп, баш ооруй баштады.  Суунун кезеги ушул жерге  1-августта гана араң жетти. Айыл тургундарынын айыл өкмөтүнө кайрылганынан да эч кандай жыйынтык болгон жок. Элдин мүдөөсүн ойлобой, жеке кызыкчылыгын көздөгөн мураптын, айыл өкмөттүн бизге кереги барбы?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.