Элдик репортер: Трансформатордун жанында өрттөнүп жаткан таштанды төгүүчү жай
Новость

Ош базарынын тегерегиндеги Зеленая жана Пушкина көчөсүндөгү таштанды төгүүчү жайды күнүгө өрттөп кетишет. Бул таштанды төгүүчү жайдын жанында эле трансформатор турат, анын ары жагында эле үйлөр жайгашкан. Кокус өрттүн жалыны трансформаторго жетип жарылса ким жооп берет? Ушул жагдайды Бишкек шаарынын мэри карап бир чара көрсө жакшы болот эле деп,- "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген окурманбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.