POST1RIGHT
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын убагында Кырчын жайлоосуна 1000 боз үй тигилет. Ошондой эле чет элдик катышуучулар да өз улуттук шаарчасын курайт.
Бүгүнкү күнгө чейин маданий иш- чараларга катышуу үчүн 27 мамлекеттен билдирүү түшкөн. Ал эми спорттук оюндар 5 аянтчада өтөт. Ушул тапта Кырчын жайлоосунун инфраструктурасы оңдолуп жатат.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"