Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук айылынын тургундары дагы сугат суунун тартыштыгынан кыйналып, бөлүнгөн үлүш жерлерин иштете албай келишет.
1992-жылы дыйкан чарбасы тарабынан үлүшкө 120 кишиге жер бөлүнгөн. Ошол жерге суу жеткире албай көп жылдан бери кыйналып келебиз. 2015-жылы проект жаздырып, анын негизинде сугат суу тартып келүүгө 480 000 сом которулган. Ал эми тургундар тарабынан 230 000 сом чогулган. Учурда бул акча каражатынан да, сугат суудан дагы дайын жок. Айыл өкмөтү акчанын кандай максатта жумшалып жатканын бизге айтпайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.